Шаардын борбордук аянтында өткөн акциянын уюштуруучулары өздөрү ага 15 миңдей адам чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар 5 миңдей адам болгонун айтышты.
Митингге катышкандар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдор каржылаган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан талапкер катары катышкан Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Илхом Маннамов жана Искендер Матраимов болушту.