Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге арнап курорттук комплекс курган делинген мамлекеттик компания «Оздоликтин» иликтөөсүн «негизсиз жана чындыкка дал келбейт» деп атады.
23-февралда жарыяланган иликтөөгө ылайык, Угам-Чаткал тоо кыркасындагы биосфералык корукта суу сактагыч, анын боюнда хан сарай курулган. Ташкенттен 100 чакырымдай жердеги мындай комплекс кайсы акчага салынганы белгисиз.
Курорттун курулушуна жетекчилик кылган «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы 24-февралда расмий сайты аркылуу Шоввозсой капчыгайынын «экосистемасын сактап калуу максатында» 2010-жылдан баштап аймакка ээлик кылып жатканын жарыялады.
Билдирүүдө акыркы он жылда компания инфраструктураны жана эс алуу жайларын өнүктүрүү үчүн 43 миллион доллар өлчөмүндө бюджеттен тышкаркы каражатты колдонгону белгиленген. Компаниянын маалыматына караганда, Шоввозсой комплексинде жана аймактагы башка курорттордо 90 миң киши иштейт.
«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген.
Иликтөөгө ылайык, резиденциянын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес. Ар кайсы булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн.
Шавкат Мирзиёев бийликке 2016-жылы мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген.