21:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Орусия Тажикстандагы муктаж үй-бүлөлөргө 1 миллион долларлык жардам жөнөттү

Орусия Тажикстандагы «муктаж үй-бүлөлөрдө жашаган мектеп окуучуларына» 1 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөттү.

Азык-түлүктөн турган жардам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында берилди.

Орусиянын Душанбедеги элчилигинин маалыматына караганда, гуманитардык жүктүн көпчүлүгү Тажикстандын түштүк аймактарына жеткирилди. Жардам жалпысынан 22 миң муктаж үй-бүлөгө таратылат деп күтүлүүдө.

Былтыр Орусия Тажикстандын мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 21 миллион 200 миң доллар бөлөрү кабарланган. 

Эң көп окулган жаңылыктар