Азык-түлүктөн турган жардам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында берилди.
Орусиянын Душанбедеги элчилигинин маалыматына караганда, гуманитардык жүктүн көпчүлүгү Тажикстандын түштүк аймактарына жеткирилди. Жардам жалпысынан 22 миң муктаж үй-бүлөгө таратылат деп күтүлүүдө.
Былтыр Орусия Тажикстандын мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 21 миллион 200 миң доллар бөлөрү кабарланган.