Редакциянын журналисттеринин маалыматында, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган.
Кесиптештеринин айтуусунда экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова № 4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы кабарланууда.
Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган.