Кеминде мал айдап келем деп үйүнөн чыккан аял дайынсыз жоголду

09:54, 24 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

22-февраль күнү Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 1989-жылы туулган аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып.

Бүгүн, 24-февраль күнү издөө иштери улантылат.