Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты. Анда эки өлкөнүн аймагында чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыбы менен кармалгандарды алмашуу талкууланды.
Белгилей кетсек, 16-февралда Тажикстандын УКМКсы 5 кыргыз жаранын кармаган. Айрым маалыматтарга караганда, кармалгандардын саны 5тен көп. Ал эми Кыргызстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Тажикстандын 15тей жараны кармалууда.