Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды

10:24, 22 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутаты.

2006 -жылы президент Курманбек Бакиевдин пресс-катчысы, 2007-2008 -жылдары Боршайкомдун төрайымы болуп иштеген.