Бүгүн Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу журналист Элнура Алканова билдирди.
Матраимовдун тарапташтаыр 14.30да УКМКнын алдына чогулмакчы.
«Кара- Суу шаарында Исмаил Ата атындагы мечит астында да саат 14:30 Матраимовтун тарапташтары чогулууда. Кайдыгер болбогон тарапташтар келиниздер! Тынчтык жолу менен мыйзамдуулукту талап кылабыз», — деп кайрылды Элнура Алканова.