15:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ӨКМ кызматкерлери жогорку даярдыктагы режимге өткөрүлөт

«Ар-кыл жаратылыш кырсыктарынын — сел, жер көчкү, суу ташкындардын коркунучу жогорулашы менен ӨКМ кызматкерлерин жогорку даярдыктагы режимге өткөрүү зарыл», — деп билдирди жаз-жай мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча онлайн кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.

ӨКМ өкүлдөрү аймактардын жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга карай даярдыгын талдоо боюнча тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө абал туруктуу. Жер көчкү, сел кырсыктары күтүлүүчү жер тилкелеринде үзгүлтүксүз негизде мониторинг жана көзөмөл жүргүзүлөт.

Биринчи вице-премьер-министр ӨКМге өзгөчө кырдаалдарга дуушар болуучу тилкелерди үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жээктерди чыңдоо, селге каршы каналдарды, арыктарды тазалоо иштерин өз учурунда өткөрүү тапшырылды.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги жана Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин ирригациялык тутумдарды даярдоосу тапшырылды.

Өлкөнүн бир катар облустарында алдыда абанын температурасы төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын эске алуу менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнө үшүктүн таасир берүү ыктымалдыгына карай анализ жүргүзүүсү жана түшүмдү жоготуп албоо жана чыгашага кабылбоо максатында адын алуу чараларын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар