COVID-19. Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталып, үчөө каза тапты

09:44, 19 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 22, Ош шаары - 3, Чүй облусу — 42, Ош облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 10, Баткен облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Март айынан бери 85 миң 772 киши вируска чалдыгын, 1 миң 450 бейтап көз жумду.