Белгилей кетсек, 11-февралда эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.
Президент Садыр Жапаров коррупциялык кылмыш менен айыпталгандары абакка олтургузууга каршы экенин айткан.