«Кумтөр» кени боюнча депутаттык топко Акылбек Жапаров төрага болуп шайланды

17:30, 18 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

«Кумтөр» компаниясынын ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык топтун бүгүн биринчи жыйыны өттү. Ага журналисттер чакырылган жок.

Жыйында төрагалыкка депутат Акылбек Жапаров шайланды.

Белгилей кетсек, депутаттык топ 17-февралда түзүлгөн. Анын курамына 12 эл өкүлү кирди.

Парламент компаниянын ишмердүүлүгүн текшерип чыкмакчы.