Басылманын маалыматына караганда, мууздалган кыздын сөөгү өткөн аптада Степан Разин атындагы көчөдө жайгашкан батирден табылган. Бир нече күндөн кийин тергөөчүлөр шектүүнүн изине түшүшкөн. Аны кармоо боюнча операция 11-февралда жүргүзүлүп, ал ижарага алган батиринде табылган.
«Ал каршылык көрсөткөн жок. Күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Мындан тышкары анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенүүдө», — деген E1.RU порталынын өз булагы.
Маалыматка караганда, түркмөнстандык кызды анын кыргызстандык таанышы өлтүргөн. Ал мурун маңзат сактоо айыбы менен соттолгон. Ага карата «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.