10:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

УКМК эртең чоң кызматтагы аткаминерлерди кармоону баштайт

УКМК эртең чоң кызматтагы аткаминерлерди кармоону баштайт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал коррупцияга каршы күрөш уланарын белгилеп өттү.

«Эртең мына чоң кызматтагы чиновниктерди кармап баштайбыз. Коррупция болбосо бюджеттин көөлөмү өсүп, элдин жашоосу жакшырат. Бул күрөшкө сиздер дагы кошулуңуздар, бажы кызматкерлери пара алып жаткан болсо видеого тарткыла, факт бергиле. Эртең эле камайбыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума