Камчыбек Ташиев Баткенге келип, Ак-Сай айылына жөнөп кетти

13:00, 18 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келди. Аны аэропорттон өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана жергиликтүү тургундар тосуп алды.

Камчыбек Ташиев аэропорттон эле Ак-Сай айыл аймагына жөнөдү. 

Айылда анын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу башталды. 

Камчыбек Ташиев бүгүн Германиядан дарылануудан кайтып келди. Ал Бишкектеги аэропорттон эле Баткенге жөнөдү.