20:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кочкор районунда 1,5 айда 50дөн ашык карышкыр жана чөөлөр жок кылынды

Нарын облусунун Кочкор районунда 1,5 айда 50дөн ашык карышкыр жана чөөлөр жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл өлтүрүлгөн карышкыр жана чөөлөрдүн саны аз.

Атайын комиссияга 45 чөөнүн жана 5 карышкырдын териси берилди. Чөөлөрдүн кесилген баасы атайын казылган аңга көмүлдү.

Өкмөт ар бир атылган карышкырга 6 миң сом, чөөгө 2 миң сом төлөп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар