01:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 26, Чүй облусу — 17, Ош облусу — 6, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 10, Баткен облусу — 3, Жалал-Абад облусу — 3 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 85 миң 689 киши вируска чалдыгын, 1 миң 447 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар