Камчыбек Ташиев 18-февралда Кыргызстанга кайтып келет

16:48, 17 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18-февралда Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 18-февралда, саат 10:00дө эл аралык «Манас» аба майданына учуп келип, дароо Баткен облусуна сапар артат. Ал жерде тийиштүү маселелер каралат.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев Германияга жүрөгүнө операция жасатуу үчүн узап кеткен.