Тажикстандын Баткен районундагы такталбаган жерлерге көчөт эгүүсү токтотулду

09:51, 16 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын Баткен районундагы такталбаган жерлерге көчөт эгүүсү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.

Эскерте кетсек, Тажикстан 13-февралда Баткен районунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагына көчөттөрдү олтургузуп баштаган.

14-февраль күнү көчөттөр тамыры менен жулунган. Тажик тарап эртеси дагы көчөттөрдү олтургузган.

Мамлекеттик чек ара кызматы талаш аймактарда чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салынганын белгилейт.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын аталган жерде кырдаал туруктуу.