Уран Ахметов өкмөт аппараты жетекчисинин биринчи орун басарынан бошотулду

14:59, 12 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Уран Ахметов өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Анын ордуна Айбек Джунушалиев дайындалды.