10:50, 12 февраля 2021, Бишкек - 24.kg
2020-жылы Кыргызстанга жалпы 2 миллиард 377 миллион доллар жөнөтүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Чет элде иштеген мигранттар которгон акча 2019-жылы которулган каражаттарга салыштырмалуу 29 миллион долларга аздык кылат.
Россиядан 2 миллиард 324 миллион, АКШдан 26, 33 миллион, калган өлкөлөрдөн 17 миллион доллар которулган.
Кыргызстанга сырттан которулган акчанын көлөмү 2017-жылы 2 млрд. 482 млн. долларды, 2018-жылы 2 млрд. 685 млн. долларды жана 2019-жылы 2 млрд. 406 млн. долларды түзгөн.
Өткөн жылы Кыргызстандан 488 миллион доллар чыгарылды.