Ошто эки өспүрүм бычакталып, бирөө ооруканада көз жумду
16:38, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында бычакталган 2 өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бычакталган өспүрүмдөр Нариман орто мектебинин 10-классынын окуучулары.
«2004- жылы туулган К. Б. ооруканада көз жумду. Анын курдашы Н. С. оор абалда. Операция жасалууда. Учурда бул кылмышка тиешелүү шектүүлөр изделип жатат», — дейт Ички иштер башкармалыгы.
Окуя мурдагы «Ареопаг» дукөнүнүн арткы тарабында болгон.