Министрдин айтымында, жалпысынан «Спутник V» өндүрүүгө (бир бөлүгү Орусияда өндүрүлөт) 18 миллиард теңге бөлүнгөн. Буга чейин кеп 16,8 миллиард теңге жөнүндө болуп жаткан.
Вакцинанын баасы ушул тапта 26 доллар.
Дары-дармек тараткан «СК-Фармация» дистрибьютору дал ушундай баа менен Караганды фармацевтикалык комплексинен вакцина сатып алат.