Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммын жуктуруу окуялары премьерди кооптондурууда

11:46, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, COVAX программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алынып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи.

«Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун саны көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болушу тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр саламаттык сакктоо тутумун санариптештирүү боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Экономика жана финансы министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.