COVID-19. Вирус жуктурган 26 адамдын абалы өтө оор

10:11, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

427 бейтап коронавирус инфекциясы менен ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дарыланып жаткандардын 65 пайызынын абалы орто оордуктан, 27 пайызы оор жана 6 пайызы оор абалда.

522 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда март айынан бери 85 миң 328 киши вируска чалдыгын, 1 миң 437 бейтап көз жумду.