Бабанов Садыр Жапаровду «Токмок графынын» уулу менен жолуктурду

17:47, 10 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүн президент Садыр Жапаров мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабановду кабыл алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров казакстандык ишкер менен жолуккан, ага Өмүрбек Бабанов дагы катышкан.

Өмүрбек Бабанов Шухрат Ибрагимов аттуу казак инвесторун коштоп келген. 

Шухрат Ибрагимов - жакын эле коронавирустан каза болгон миллиардер Алимжан Ибрагимовдун уулу.