11:34, 10 февраля 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууга Бакыт Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Мэриянын басма сөз кызматы жаңы дайындалган шаар башчысынын элге кайрылуусун жарыялады.
«Премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан Бишкек шаарынын мэринин кызматын убактылуу жетектөө чечими чыкканын маалымдоо менен, алдыга коюлуп жаткан приоритеттүү иш алып баруу планымды кыскача тааныштырып өтүүнү туура көрдүм.
Албетте, азыркы учурда шаардыктар менин иш планым, актуалдуу маселелерге болгон жеке көз карашыма кызыкдар. Бишкек шаары борбор калаабыз болгондуктан ар бир сунуш, долбоор, чечим, дыкат ойлонулуп реалдуу болушу мен үчүн негизги принцип. Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын пресс-конференция берип маалымдап өтөм.
Бирок алдыма койгон эң башкы милдеттердин алдыңкы онун сиздерге сунуштайм. Ар бир багыт боюнча мэриянын бул убакытка чейинки иш планы ыкталып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болоорун эскертип кеткем келет.
Урматтуу шаардыктар, бул негизги багыттар сиздердин суроо талап менен толукталып кенен, деталдуу форматында да талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем», — деп жазылат кайрылууда.