Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын жетекчиси алмашты

11:24, 10 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Медер Карабаев дайындалды.