Бишкек мэриясы мектептерди ачуу мөөнөтүн 1-мартка жылдырды

15:14, 08 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы мектептер толугу менен 1-мартта ачылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болсо, мектептер жана бала бакчалар толук ачылат.

Белгилей кетсек, учурда 1-5-9-11-класстын окуучулары мектепке барып, калган класстар онлайн тартипте окууда.

Билим берүү министрлиги жана мэрия февраль айынан мектептер жана бала бакчаларын ачылып каларын айтышкан.