14:17, 08 февраля 2021, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мыйзам 2021-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзам менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.
Ушул мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.