USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Улукбек Марипов: Төрт-Гүл суу сактагычы стратегиялык объекттерге кошулат

09:41, 08 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Төрт-Гүл суу сактагычы стратегиялык объекттердин катарына киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал Төрт-Гүл суу сактагычы жана ага куйган канал (Головной) толугу менен Кыргызстанга тиешелүү экенин белгиледи.

«Ак-Сай айылынын тургундары жакшы билишет. Мен Кайырма каналы жөнүндө айттым. Ал Ак-Суу дарыясында жайгашып, «Головной» каналынан 500-600 метр өйдө турат. Ошол Тажикстанга карайт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында «Чек ара» коомдук бирикмеси Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча премьер-министрдин билдирүүсүнө каршы митинг белгилеген. Улукбек Марипов 4-февралда парламентте «Төрт-Күлгө куйган каналдын баш жагын Тажикстанга алдырыппыз», — деп айткан.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика