16:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 42 кишиден вирус аныкталып, бешөө каза тапты

Бир суткада 42 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 32, Ош шаары — 2, Чүй облусу — 4, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 1,  Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үчөө, Чүй жана Ош облустарында бирден бейтап каза болду.

Март айынан бери 85 миң 113 киши вируска чалдыгын, 1 миң 4310 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар