Анда ЕБ аймагында расмий түрдө уруксат бериле элек вакцинаны каалаган дипломаттар сайдырса болору белгиленген.
Аталган радионун Москвадагы булактары Орусиянын бийлик өкүлдөрү чет элдик дипломаттарга жолугушкан сайын «Спутник V» вакцинасын сайдырууну сунуш кылып жатканын кабарлады.
Апта башында дүйнөдөгү абройлуу илимий басылмалардын бири эсептелген The Lancet журналы коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын алдын ала жыйынтыгын жарыялап, анын натыйжалуулугу 91,6% түзгөнүн билдирген.
Учурда Европанын Дары-дармек агенттиги коронавируска каршы «BioNTech», «Moderna» жана «AstraZeneca» вакциналарын каттоодон өткөргөн.