Валюта наркы. Улуттук банк финансалы рынокко доллар чыгарды

11:04, 05 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

4-февраль күнү Улуттук банк 8 миллион 100 миң доллар жана 29 миллион 900 миң доллар сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

2021-жылдын башынан бери банк экинчи жолу интервенция жүргүзүүдө.

28-январда 9 миллион 650 миң доллар жана 36 миллион 50 миң доллар сатылган.

Учурда Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу 84,8 сомду түзөт.