USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

«Токмок графы» лакап аттуу ишкердин тажыясына саясатчылар, депутаттар катышууда

14:55, 04 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында «Токмок графы» лакап аты менен белгилүү болгон ишкер Алижан Ибрагимовдун жаназасы өтүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, ага Казакстан жана Россиядан коноктор келишти.

Ишкерди акыркы сапарга узатууга атайын чартердик каттам менен белгилүү бизнесмендер учуп келгени маалымдалат.

Кыргызстандын саясатчыларынан Өмүрбек Бабанов катышууда. Андан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев, Иса Өмүркулов, Фархад Тулендыбаев дагы маркумдун үйүнө барышты.

Айрым маалыматтарга караганда, Алижан Ибрагимов «Жерүй» кенинин лицензиясын сатып алган ишкерлердин бири.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика