Улукбек Марипов бир тууган инисин Ноокта районунун акими кызматынан бошотту

14:44, 04 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, бир тууганы Бакытбек Марипов Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу окмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул Улукбек Мариповдун премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири жана кызыкчылыктар кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды. Себеби Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.