00:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Нур-Султанда «эмдөөнүн электрондук паспортуна» каршы акция өттү

3-февралда Нур-Султан шаарында ондогон көп балалуу аял Саламаттык сактоо министрлигинин алдына чогулуп, бийликтен «эмдөөнүн электрондук паспортун» киргизүү планынан баш тартууну талап кылышты.

Алар бийлик сунуштап жаткан долбоор Конституцияга каршы келерин айтышты.

«Баш мыйзамдын 14-беренесинде эч ким кандайдыр бир басмырлоого алынбай турганы жазылган. 21-беренеде болсо жарандар эркин жүрүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн. Бирок жаңы сунушка ылайык, QR-коддору «кызыл» макамды көрсөткөн жарандар дүкөнгө кире албай, банкоматтан акча алып, дарыканадан парацетамол сатып ала албай калышат», — деди акция катышуучуларынын бири.

Алар темир идиштерди ургулап: «Биз эмдөөгө каршыбыз!», «Цой чыксын!» деп кыйкырышты.

Чогулгандардын алдына чыккан министрликтин өкүлү Нурша Азимбаева коронавируска каршы эмдөөгө жарандар өз каалоосу менен катышса болорун, аларды эч ким мажбурлабай турганын билдирди.

Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Максат Толегенов акция катышуучуларын QR-коддордун пайдалуу экенине ишендирүүгө аракет кылды.

«Мисалы, сиз фитнес-борборго бардыңыз дейли. Ал жерде сиз коронавирус жуктуруп албай турганыңызга ишенимдүү болууну каалайсыз. Кире бериштен QR-кодуңузду сканерден өткөрүп, сиздин иммундук макамыңызды көрүшөт. Эгер жакында ПЧР-тест тапшырып, анын жыйынтыгы жакшы болгон болсо, сизге «жашыл» макам берилет. Тактап айтканда, сиз эч кандай кыйынчылыксыз спорт менен машыга берсеңиз болот. Эгер кимдир бирөөнүн макамы «кызыл» болсо, ал имараттын ичине кире албайт. Бул биринчиден адамдардын коопсуздугун камсыздаса, экинчиден, пандемиядан улам ишканалардын чоң чыгышыларга учурабашына шарт түзөт», — деди Толегенов.

Өткөн жумада бийлик казакстандыктарга алардын потенциалдык эпидемиологиялык кооптуулугун көрсөткөн макамдарды берүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизиле турганын билдирген. Ага ылайык, жарандардын электрондук эмдөө паспортторунда адамдардын иммундук макамдары көрсөтүлөт. Бийлик долбоордун алкагында эмдөөдөн өтпөгөн жарандар үчүн эч кандай чектөө болбой турганын билдирүүдө. Бирок айрым эксперттер долбоорду чектөөлөрдү киргизбестен ишке ашыруу мүмкүн эмес деп эсептешүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар