Улукбек Марипов: Финполдун тагдыры чечиле элек, бирок, ИИМге кошулбайт.

13:00, 03 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы (Финпол) Ички иштер министрлигинин карамагына өтпөйт. Бул тууралуу премьер-министрлик орунга талапкер Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Финполду тагдыры азыр так чечиле элек.

«Бирок ал ИИМге кошулбайт. Балким өз алдынча калат, же башка жолдору каралат», — деди ал.

Депутат Улан Примов Финполду Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнү сунуштады.

«Салык кызматынын алдында экономикалык кылмыштар менен күрөшүү туура болот», — деди ал.