COVID-19. Вирус жуккан 32 бейтап оор абалда

10:36, 03 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Коронавирус жуккан 533 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дарыланып жаткан бейтаптардын 358и орто оор, 139 оор жана 32си өтө оор абалда.

Дагы 646 бейтап үйдөн дарыланууда.

Март айынан бери 84 миң 762 киши вируска чалдыгын, 1 миң 415 бейтап көз жумду.