22:11
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, 2-февралда саат 13:40та Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 3-февралда саат 04:03тө Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар