02:31
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте эки жерден арзан баадагы ун сатып алууга болот

Мамлекеттик резерв фонду Бишкек шаарында эки жерде арзан баада ун сатууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, базар баасын турукташтыруу максатында арзан баада ун сатуучу жайлар ачылды. Биринчи сорттогу ун −24 сом, экинчи сорт — 16 сом турат.

Кара дарыя көчөсүндө жайгашкан «Бин Групп» компаниясынын кампасынан (0556700800) жана Кулиев −1 дарегинен (0312658658) сатып алууга болот.

Белгилей кетсек, дүкөндөрдө ундун биринчи сортунун бир килограммы 40 сомго сатылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар