Кеминде жол кырсыгынан бир адам каза болду

09:35, 03 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган адам каза болуп, даги бир жүргүнчү жабыркаган.

Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен, жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.