Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти

16:02, 02 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул маалыматты 24.kg агенттигине мурдагы өлкө башчысына жакын адамдар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков «Манас» аба майданынан Стамбулга учуп кетти.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 5-октябрындагы ыңкылаптан кийин кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.