Бишкекте аялдарга биринчи муниципалдык кризистик борбор ачылат

16:33, 02 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы муниципалдык кризистик борбор ачмакчы. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, биринчи шаардык кризистик центр аялдар менен балдарды чогуу кабыл ала алат.

«Психолог жана социалдык кызматкерлер иштешет. Биздин өнөктөштөштөр - эл аралык уюмдар аялдар бул жаатта иштешүүгө даяр», — дейт ал.