Бишкектеги жылуулук электр борборунда өрт чыкты

14:08, 02 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги жылуулук электр борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Саат 12.55 өткөндө өрт боюнча маалымдалган.

ӨКМ ЖЭБтин аймагындагы өрт чектөөгө алынгандыгын белгилейт.

Эмне күйгөндүгү азырынча белгисиз.