Чүйдүн тургундары жер бөлүп берүү талабы менен митингге чыгышты

12:22, 01 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында Чүй облусунун тургундарынын митинги өтүүдө. Алар үй салууга жер тилкесин бөлүп берүүнү талап кылышууда.

Алардын айтымында, Аламүдүн районунда жерге кезекте турушат.

«Көптөр жерди сатып дагы алышкан. Бирок, уруксат берүүчү кагаздары жок. Бул ачык эле талап тоноочулук», — дейт акциянын катышуучусу Бактыгүл Өмүралиева.