Премьер-министрликке Улукбек Марипов көрсөтүлүүдө

11:40, 01 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Премьер-министрликке Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүүдө. Анын талапкерлиги учурда Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында каралууда.

Депутат Аида Касымалиеванын айтымында, өкмөттүн түзүмүндө дагы өзгөрүүлөр күтүлөт.

«Өкмөттө бир эле вице-премьер-министр болот экен», — дейт ал.

Улукбек Марипов мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болгон, андан кийин Эсептөө палатасына жетекчиликке дайындалган.

Ал Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, Ноокат райондук оорукананын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун уулу.