Улук Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Ал мамлекетке 20 миллион сом төлөп берди

11:26, 01 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Ош облустук башкы прокуратуранын башкы прокурору Улук Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Улук Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, өзгөртүлдү.

Улук Өмүрзаков мамлекетке келтирген чыгымын — 20 миллион сомду бюджетке төктү.

Белгилей кетсек, Улук Өмүрзаков «Жолчырак» көмүр кенин басып алууга айыпталып кармалган. Ал ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси.