Өзбекстанда коронавирустун «британиялык штаммы» катталды

11:04, 01 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда коронавирустун жаңы штаммы (түрү) аныкталган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылды.

Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан алар үй карантинине гана алынды. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.